Кыргызстанда 245 мамлекеттик кызматкер мультпсихометрдин сыноосунан өттү

Коом 0

Бишкек, 22.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда 245 мамлекеттик кызматкер мультпсихометрдин сыноосунан өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү боюнча саясатын ишке ашыруу алкагында агенттик персоналды тандоо, компетенттүүлүктү, инсандык жана психологиялык сапаттарды баалоо, лидерлик потенциалды жана IQ аныктоо сыяктуу жаңы ыкмаларды киргизүүдө.

“Январь айынан баштап жетекчилерди психодиагностикалык "Мультипсихометр" аппаратында тестирлөө жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнгө карата психологиялык тестирлөөдөн 40 аким, 29 мэр жана 176 айыл өкмөт башчысы өттү", - деди ал.

Кудайберген Базарбаев ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумун санариптештирүү максатында "Электрондук тейлөө" жана "Санарип аймак" маалыматтык тутумдары киргизилип, иштеп жаткандыгын айтты. Азыркы учурда маалыматтар базасында 153 миңден ашык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана башка категориядагы кызматкерлер жөнүндө маалыматтар камтылган.

“"Санарип аймак" тутумунда 5,7 жарандын, 1,3 млн кожолуктун маалыматтары катталган. Ал эми административдик-аймактык реформанын натыйжасында 452 айылдык калктуу конуш 217ге чейин кыскарды", - деп кошумчалады Кудайберген Базарбаев.

Пикир

Оставить комментарий