• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда 3 миң жумушсуз адам кесиптик көндүмдөрүн жогорулата алат

Коом 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги республиканын пилоттук 30 районунда жаштардын такшалмасы боюнча долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Министрлик түшүндүргөндөй, жаштар стажировкасынын максаты - практикалык тажрыйба алуу, кесиптик билимди жана көндүмдөрдү бекемдөө, алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү, турмуштук көндүмдөрдү өздөштүрүү жана жаштардын ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

"Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 1-октябрына карата иш менен камсыз кылуу кызматтарында 22 миңден ашык жумушсуз жаран катталган. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча бардык жумушсуздардын 56% дан ашыгы жаштарга туура келет.

Жумушсуз жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында жаштар стажировкасы боюнча чаралардын комплекси ишке ашырылууда. Пилоттун алкагында 3000 жашты практикалык тажрыйба жана кесиптик көндүмдөр үчүн стажировкага, ошондой эле кыска мөөнөттүү кесиптик окууга жиберүү пландалууда. Стажировкага катышууга түрткү берүү үчүн катышуучуларга айына 8600 сом өлчөмүндө стипендия төлөнөт. Стажировкадан өтүүнүн жалпы мөөнөтү 6 айдан ашпайт", - деп түшүндүрдү министрлик.

Бүгүнкү күндө 150гө жакын мекеме-ишкана жаштарды практикага кабыл алуу каалоосун билдирип, 1 миңден ашык орундарды камсыз кылышты.

Жаштар арыз берүү жана стажировкадан өтүү үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин пилоттук региондун аймагындагы аймактык бөлүмдөрүнө кайрылууга тийиш.

Долбоор 2024-2025-жылдары Дүйнөлүк Банктын "социалдык камсыздоо программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо" колдоосу менен ишке ашырылууда.

Пилоттук аймактардын тизмеси:

1. Баткен шаары;
2. Бишкек шаары;
3. Жалал-Абад шаары;
4. Каракол шаары;
5. Нарын шаары;
6. Ош шаары;
7. Талас шаары;
8. Токмок шаары;
9. Аламүдүн району;
10. Жайыл району;
11. Москва району;
12. Сокулук району;
3. Ысык-Ата району;
14. Чүй району;
15. Айтматов району;
16. Бакай-Ата району;
17. Талас району;
18. Жети-Өгүз району;
19. Ысык-Көл району;
20. Кочкор району;
21. Нарын району;
22. Базар-Коргон району;
23. Ноокен району;
24. Сузак району;
25. Араван району;
26. Ноокат району;
27. Кара-Суу району;
28. Өзгөн району;
29. Баткен району;
30. Кадамжай району.

Пикир

Оставить комментарий