• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстанда 3-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында 3-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт.

Ал эми Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19...+24, Талас облусунда +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +13...+18 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +22…+24 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий