• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда +40 градуска чейинки ысык аба ырайы күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда 25-июлдан 28-июлга чейин ысык аба ырайы күтүлүүдө.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, Чүй өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүзгү абанын температурасы +35 ...+40°, ал эми Талас өрөөнүндө +33…+38° чейин ысышы күтүлүүдө.

Мындай ысык аба ырайында сууну көп ичүү, күн нурунан сактануу, ошондой эле эгиндерди тынымсыз сугаруу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий