Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда 41 миллион долларга фармацевтика комплекси курулат. Бул тууралуу күн мурун "Ынтымак Ордодо" өткөн министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында белгилүү болду.
Министрлер кабинети менен «Стандарт Фарм Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы фармацевтикалык каражаттарды таңгактоо жана фармацевтика комплексин куруу боюнча инвестициялык макулдашуу жактырылды.
Инвестициялык долбоор 5 жылдын ичинде эки этап менен ишке ашырылат. Эки этапта инвестициянын жалпы болжолдуу көлөмү 41 миллион 200 миң АКШ долларын түзөт.
Белгилей кетсек, жыйында министрлер кабинетинин мүчөлөрү өнөр жай, тоо-кен, курулуш жана жерлерди трансформациялоо тармактарына тиешелүү 10дон ашык маселени карашты.
Пикир
Оставить комментарий