Кыргызстанда 5 айда жол эрежесин бузуудан бюджетке 224 млн сом өндүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында беш ай аралыгында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана жайкы туристтик мезгилди өткөрүү боюнча ыкчам кеңешме өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда жыл башынан бери өлкө аймагында 464 миң 976 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, мамлекеттик буджетке 224 млн 127 миң 865 сом өндүрүлгөнү айтылды. Анын ичинен:

  • мас абалында унаа башкарган 6миң 148 айдоочу;
  • автоээнбаштык жасаган 181 айдоочу;
  • тийиштүү документтери жок унаа башкарган 5200 айдоочу;
  • жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар 25миң 425 факты;
  • терезелерин караңгылаткан 1433 айдоочу;
  • жол белгилерине баш ийбеген 234миң 749 айдоочу;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган 79миң 748 айдоочу;
  • башка жол эрежелерин бузган 118миң 092айдоочу.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 40 миң 745 унаа айып короо жайына токтотулган.

Кеңешменин соңунда башкармалыктын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков орун алган кемчиликтерди белгилеп, аларды жоюу, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле өздүк курам арасында тартип жана мыйзамдуулукту сактоо багытында бир катар тапшырмаларды койду.

Пикир

Оставить комментарий