• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

5 миңден ашык мамлекеттик кызматкер декларация тапшырган эмес – Салык кызматы

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Салык кызматы 2023-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Ведомстводон билдиришкендей, салык органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 66 213 декларациясы, анын ичинде саясий, жогорку административдик жана атайын кызматтарды ээлеген адамдардын 1 416 декларациясы талданган.

Анализдин жыйынтыгында 6 миң 272 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациясында дал келбестиктер аныкталган.

Салык мыйзамдарына ылайык, аныкталган карама-каршылыктар боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, 2023-жылга салык декларациясын тапшырбаган 5 миң 138 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин жана мыйзамда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин тапшырган 775 декларанттын тизмеси прокуратурага жөнөтүлдү.

Салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып декларант тарабынан салыктык отчеттордо чагылдырылган маалыматтардын аныктыгын талдоо иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, 1-апрелде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктап, 30-июнга чейин алар такталган декларацияны тапшырууга укуктуу болчу.

Пикир

Оставить комментарий