Кыргызстанда 50 миң га кунарсыз жайытка үрөн себүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл 50 миң гектар кунарсыз жерге жаңы жайыт үрөндөрүн себүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, үрөн сатып алуу үчүн 60 млн сомго тендер жарыяланды.

Министрлик тарабынан 2023-жылы дээрлик 100 тонна үрөн сатып алынган, алар 10 миң гектар кунарсыз жайытка себилген.

Пикир

Оставить комментарий