• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Кыргызстанда 500 миңден ашуун "акылдуу" эсептегич орнотулат

Коом 0

Бишкек, 15.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда 500 миңден ашуун "акылдуу" эсептегич орнотулат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, электр менен камсыздоону санариптештирүү жана автоматташтыруу процессин улантуу өлкө үчүн маанилүү.

“Дүйнөлүк банк менен биргелешкен иштин алкагында 500 миң "акылдуу" эсептегич сатып алуу пландалып, учурда анын 50 миңи сатып алынды. Долбоор 2025-2026-жылдары ишке ашырылат”, - деди ал.

Ошондой эле ал жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулата турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий