• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда 500дөй курулуш компаниясынын лицензиясы алынат

Коом 0

Бишкек, 05.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Мамкурулуш лицензиядан ажырай турган компаниялардын тизмесин даярдап жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, берилген 7 миңдей лицензиянын ичинен 2 миңдей гана компания активдүү иштеп жатат. Учурда комиссия мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынан ажырап кала турган 500дөй компанияны аныктады.

“Ишкерлер лицензия алуу үчүн түз эле Мамкурулушка кайрылышы керек. Биз лицензияны “оңой алып, ошол эле маалда оңой жоготуп жиберүү” принцибинде иштеп жатабыз. Эгер компания курулуштун техникалык нормаларын бузса же мыйзамсыз иштер менен алектенсе, лицензиясынан ажырайт”, - деди Орунтаев.

Ошондой эле ал белгилегендей, эгер курулуш лицензиясын алуу үчүн буга чейин 23 документ талап кылынса, азыр алты гана документ керек. 3 айдан 2 жылга чейин документ чогултуп, арыз беришсе, учурда документ топтоого он күн гана жетиштүү.

“Мурда миң сом төлөп курулуш лицензиясын алса, бүгүнкү күндө бул сумма 150 миң сомдон 1,5 млн сомго чейин жогорулады”, - деди Мамкурулуштун жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий