• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда 558 курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду – тизме

Коом 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда 558 курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду.

Мамкурулуштан билдиришкендей, 2023-жылдын 14-декабрынан тартып министрлер кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому менен бекитилген "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" жаңы жобо бекитилгендигин билдирди. (мындан ары 678-жобо)

Жогоруда аталган 678-жободо 2001-жылдын 31-майындагы 260-жобосу күчүн жоготту деп табылган. 678-жобого ылайык, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” КР мыйзамынын 15-беренесине ылайык лицензиялардын 3 деңгээли бар, анда I категориядагы объектилер үчүн курулуш иштеринин түрлөрү көрсөтүлгөн II, III.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында 2001-жылдын 31-майындагы № 260 Жобо менен бекитилген бардык 558 4-деңгээлдеги лицензиялар курулуш ишин жүргүзүүгө укуксуз 90 күндүк мөөнөткө токтотулган.

Өз кезегинде лицензиаттар жаңы жобого ылайык лицензия алуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү документтердин пакети менен Мамкурулушка кайрыла алышат.

Эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө Мамлекеттик курулуш агенттигине арыз түшпөсө, бул лицензиялар жокко чыгарылат.

Курулуш компаниялардын тизмеси.

Пикир

Оставить комментарий