• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Кыргызстанда 567 гидротехникалык курулма оңдоп-түзөөдөн өттү

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 567 гидротехникалык курулма оңдолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле бул аралыкта Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 551,3 км чарба аралык каналдарды оңдоо жана механикалык тазалоо, 567 гидротехникалык курулмалардын, 218 суу өлчөөчү посттор, 115 насостук станциялар, 216 насостук агрегаттар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Мындан тышкары, 23 насостук агрегат алмаштырылып, 10 суу топтоочу курулмалардын (4 суткалык, 3 декадалык жөнгө салуучу бассейндеринин, 3 суу сактагычтын) жана 94 км коллектордук-дренаждык тармактын механикалык тазалоо иштери аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий