• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргызстанда 59 миңге жакын мугалим кесиптик көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатты

Билим Кыргызстан 0

Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Акыркы эки жылда “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 59 миңге жакын мугалим кесиптик көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатты.

Билим берүу министрлигинен билдиришкендей, окутуулар 2023-жылдын февраль айынан башталган жана 2024-жылдын август айында аяктайт.

Тренингдер гибрддик форматта - оффлайн жана онлайн режимде өтүп жатат:

  • “Санариптик сабаттуулук” программасы боюнча – 36 миң мугалим;
  • “Инновациялык педагогикалык технологиялар” (башталгыч класс мугалимдери) программасы боюнча - 7 миң мугалим;
  • “Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздери” программасы боюнча - 8 миң мугалим;
  • “Коррекциялык окутуунун техника жана ыкмалары” программасы боюнча - 7 миң мугалим.
  • “Балалык” программасы боюнча – 827 тарбиячы (кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын тарбиячылары).

Белгилей кетсек, тренингдердин максаты – окутуунун натыйжаларын жакшыртуу, мугалимдердин компетенттүүлүк деңгээлин жана педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүү.

Бардык окутуу программалары мугалимдерди окутуу системасына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий