• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда 6 айда 117,3 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Коом 0

Бишкек, 25.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанда 6 айдын ичинде жалпы 117,3 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылга карата жол тармагына мамлекет тарабынан 9 млрд 316 млн сом каралган. Жыл башынан бери 4 млрд 468 млн сомго каржыланды.

“Бюджеттин эсебинен 117,3 чакырым жолдун 44,7 чакырымына, капиталдык салымдар беренесинин эсебинен 72,6 чакырымга асфальт жаткырылды. Мындан тышкары, 19,2 чакырымга шагыл катмарын төшөө, 88 миң 607 чарчы метр аянтта аң-чөнөктөрдү толтуруу, жалпы пайдалануудагы көпүрөлөрдү оңдоо жана башка жол курулуш иштери жүргүзүлдү”, - деди ал.

Ошондой эле Талантбек Солтобаев ушу тапта Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду, Ош – Баткен – Раззаков, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Нарын – Баетов, Барскоон – Учтурфан – Аксуу унаа жолдорунда курулуш иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

“Былтыр өлкө боюнча 673 чакырым жолго асфальт-бетон катмары төшөлгөн. Быйыл бул көрсөткүчтөн кем эмес иштерди аткаруу тапшырмалары коюлган”, - деп белгиледи министрдин биринчи орун басары.

Пикир

Оставить комментарий