• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда 6 айда 59 млрд сомдон ашык бажы төлөмдөрү чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 31.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда 6 айда 59 млрд сомдон ашык бажы төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8 млрд сомго көп.

“2024-жылдын январь-июнь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу Финансы министрлиги тарабынан 58 млрд 100 млн сом болору белгиленген. 6 айда Мамлекеттик бажы кызматы 59 млрд 619,3 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздады. Муну менен болжолдуу көрсөткүч 102,6%га аткарылып, 1 млрд 519,2 млн сомго көп чогултулду. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 млрд 822,3 млн сомго көп чогултулду же өсүү темпи 122,2%ды түздү”, - деди Самат Исабеков.

Пикир

Оставить комментарий