• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстанда 6 айда 9 млрд 80 млн кВт/саат электр энергиясы керектелди

Экономика 0

Бишкек, 02.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда 6 айдын ичинде 9 млрд 80 млн кВт/саат электр энергиясы керектелди. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, керектелген электр энергиясынын 6,2 млрд кВт/сааты ГЭСтерден, ал эми 870 млн кВт/сааты Бишкек ЖЭБинен өндүрүлдү.

“2 млрд 200 млн кВт/сааты импорттолду. Россиядан 909 млн кВт/саат, Түркмөнстандан 837 млн кВт/саат, Өзбекстандан 275 млн кВт/саат электр энергиясы алынды”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий