• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда 6 айда темир жол аркылуу 109 миңден ашык жүргүнчү ташылды

Коом 0

Бишкек, 25.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда 6 айда темир жол аркылуу 109 миңден ашык жүргүнчү ташылды. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Абдес Анарбеков "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жүргүнчүлөрдүн 7 миңге жакыны эл аралык каттам боюнча жол тарткан.

“Жүргүнчүлөрдү ташууда вагондорду жаңылап, каттамга чыгаруу улантылууда. Муну менен биз туризмди өнүктүрүү багытында кыргызстандыктарга жана чет элдик жарандарга кызмат көрсөтүп жатабыз”, - деди ал.

Ошондой эле Абдес Анарбеков темир жол транспортунун коопсуздугун жогорулатуу жана жолдун жогорку түзүмүн модернизациялоо үчүн июнь айында 4,5 чакырымга темир-бетон шпалдары төшөлүп, бир катар магистралдык жолдор оңдолгонун айтты. Мындан тышкары ал “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча иш планы бекитилгенин, анын негизинде үч тараптан түзүлгөн топ тиешелүү иштерди алып барып жатканын белгиледи.

“Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече долбоорунун биринчи этабы катары Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу башталган. Азыркы учурда 21 чакырым темир жол жана 32 чакырым төмөнкү жол курулуштары түзүлгөн. 2026-жылга карата узундугу 63 километр болгон бул тилкенин курулушун аяктоону пландаштырып жатабыз”, - деп кошумчалады Анарбеков.

Пикир

Оставить комментарий