• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда 7,8 миң бош жумуш орду бар – тизме

Коом 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иш берүүчүлөр арасында бош орундарга талдоо жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-августка карата 7 миң 848 бош жумуш орду бар. Анын ичинен:

- мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 203;
- саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 587;
- адистер – 150;
- кассирлер – 186;
- соода агенттери – 115;
- Мменеджерлер - 46;
- бухгалтерлер – 39;
- юристтер – 32;
- экономисттер – 29;
- инженер-механиктер – 13;
- психологдор – 13;
- тигүүчүлөр – 2112;
- курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) – 576;
- айдоочулар – 617;
- кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (парикмахер, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) – 1034;
- ар тараптуу жумушчулар – 2096.

Мында орточо айлык маяна: өнөр жай тармагында – 52 миң 866 сом, курулуш – 34 миң 554 сом, соода сатык – 37 миң 601 сом, унаа тармагында – 46 миң 165 сом, кызмат көрсөтүү тармагында – 27 миң 679 сом, финансы тармагы – 62 миң 298 сом, билим берүү тармагы – 25 миң 112 сом, саламаттыкты сактоо тармагы – 21 миң 368 сом түзөт.

Иш менен камсыз кылуу тармагында кызматтарды алуу үчүн министрликтин аймактык башкармалыктарына кайрылуу керек. Бул жааттагы маалыматтарды zanyatost.kg сайтынан республика боюнча бош орундар жана даректери менен тааныша алат.

Пикир

Оставить комментарий