• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда 7 айда 68 миңден ашык жашоочу таза суу менен камсыз болду

Коом 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Суу ресурстары кызматына караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү мамлекеттик ишканасы ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу программасынын алкагында 14 айылда курулуш иштерин аяктаган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, натыйжада 68 миң жаран таза суу менен камсыз болгон.

Мындан сырткары, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 95 айылды камтыган Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоор ишке ашырылып жатат, анын ичинен бүгүнкү күндө 68 айыл ичүүчү суу менен камсыз болду.

Ал эми Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб, Мырза-Аке жана Дөң-Булак айыл аймактарынын 7 айылын камтыган долбоорду аяктоо боюнча активдүү иштери жүрүп жатат.

Азыркы тапта республикалык бюджеттен каржылануучу 260 айылда долбоорлоо-сметалык жана курулуш иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий