• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Кыргызстанда 76 бала пробация органдарында каттоодо турат

Коом 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө республика боюнча 76 бала пробация органдарында каттоодо турат. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош жана Баткен облустары боюнча аймактар ​​аралык башкармалыгынын адиси пробацияда каттоодо турган жашы жете электер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Балдардын жашоо шарты да текшерилип, ата-энелери менен жолугушуулар уюштурулган.

Жашы жете электерге карата пробациянын негизги максаты - кайталануучу укук бузуулардын алдын алуу максатында пробация органдарында каттоодо турган балдарды реабилитациялоо, тарбиялоо жана социалдаштыруу. Бул балдар үчүн жашоонун жаңы барагын баштоо жана колдоо чөйрөсүндө каталарын түшүнүү мүмкүнчүлүгү.

"Биз мыйзам менен карама-каршы келген балдарды колдоо менен чектелбестен, аларга жакшы келечекти тандоо мүмкүнчүлүгүн да беребиз. Анткени, кичине болсо да колдоо жана ишеним ар бир баланын жашоосун жакшы жакка өзгөртө алат", - деп белгилешти эксперттер.

Пикир

Оставить комментарий