Кыргызстанда 77,3 миң үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тариф менен төлөйт

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда 77 миң 361 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер менен төлөшөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, айына 700 кВт/саатка чейин электр энергиясын керектөөдө тариф 50 тыйынды түзгөн. Ал эми Кыргызстанда май айынан тарта электр энергиясына тарифтер көтөрүлгөнүнө байланыштуу бул үй-бүлөлөр 55,4 тыйындан төлөй башташты.

2024-жылдын 1-майына карата "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган үй-бүлөлөрдүн саны 81 миң 508 үй-бүлөнү түзөт. Электр энергиясына жеңилдетилген тарифтер түрүндө даректүү социалдык колдоо "үй бүлөгө көмөк" ай сайын берилүүчү жөлөкпул алган 77 миң 361 аз камсыз болгон үй-бүлөгө көрсөтүлдү, бул 94,9%ды түзөт.

Ал эми аз камсыз болгон калган үй-бүлөлөрдүн жеңилдетилген тарифтерди албай жатышынын негизги себеби - ижарага алынган батирлерде, өндүрүштүк жайларда жашагандыктан электр энергиясына жеке эсептердин жоктугу, ошондой эле электр жарыгысыз жашаган үй-бүлөлөр ( электр зымдары жок курулуштарда, энергокомпаниялар менен келишими жок үйлөрдө) болуп саналат.

Учурда министрликтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан үй-бүлөлөргө туруктуу негизде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2022-жылдан тарта президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ай сайын берилүүчү "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына жеңилдетилген тариф түрүндө кошумча социалдык колдоо көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий