• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кыргызстанда 8 миңден ашык үй-бүлөгө 390 тоннага жакын азык-түлүк таратылды

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. "Ыйман" фонду Падыша Салман фонду менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөрлөргө гуманитардык жардам берүү өнөктүгүн ийгиликтүү аяктады.

"Ыйман" фондунан билдиришкендей, бул жолу 8100 үй-бүлөлөгө азык-түлүк баштыгы жеткирилди. Себеттер Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан берилген тизменин негизинде берилди.

Жардам кербени өлкөнүн 7 облусун түрө кыдырып, азык-түлүк топтомун даректүү жеткирди. Берилген гуманитардык жардамдын жаопы салмагы 388 миң 800 килограммды же 388 тонна 800 килограммды түзөт.

"Ар бир себет – бул жөн гана азык-түлүк топтому эмес, бул биздин коомдун аярлуу катмарына колдоо көрсөтүүнүн жана кам көрүүнүн символу. Биз мындай маанилүү долбоордун бир бөлүгү болгонубузга сыймыктанабыз жана өзгөчө муктаж болгондорго жардам берүү үчүн иштөөнү улантабыз", - деди фонддун төрагасы Жанузак Туран уулу.

Ал эми даректүү жардам алган үй-бүлөлөр фондго ыраазычылыктарын билдиришти.

Кайрымдуулук акциясы Сауд Аравия Королдугунан келген Король Салман гуманитардык жардам фонду менен кызматташуунун алкагында ишке ашырылууда. Бул демилге Кыргызстандын бардык аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий