• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Кыргызстанда 8 жылдан бери 16 млрд сомдон ашык суммага ипотекалык насыялар берилди

Коом 0

Бишкек, 06.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстанда 8 жылдан бери 16 млрд сомдон ашык суммага ипотекалык насыялар берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жеембаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компания банктар аркылуу 9,5 миңге жакын насыяларды каржылаган. Анын ичинен 9,4 млрд сомго 4 миң насыя “Менин үйүм 2021–2026” программасынын алкагында берилип, 203,5 миң чарчы метр турак жай сатып алынды.

“2016-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүү республикадагы турак жай рыногуна олуттуу таасирин тийгизген эмес. Анткени, ал мезгилде мамлекеттик ипотекалык кредиттөөгө республикалык бюджеттен жыл сайын орточо 760 млн сом бөлүнгөн. Ипотекалык кредиттин орточо суммасы 1,1 млн сомду түзгөн”, - деди Тилек Жеембаев.

Ошондой эле ал 2021-жылдан баштап мамлекеттик турак жай программасын республикалык бюджеттен каржылоо жагынан мамлекеттик колдоо кыйла көбөйгөнүн белгиледи. Бир жарым жылда толугу менен коммерциялык банктар аркылуу мамлекеттик ипотекалык кредиттөөгө багытталган республикалык бюджеттен 4,5 млрд сом бөлүндү.

“Мамлекеттик ипотеканын шарттары максималдуу түрдө жеңилдетилди, пайыздык чен жылдык 4% га деңгээлине төмөндөтүлдү, кредиттин мөөнөтү 25 жылга чейин узартылды. Кредит берүүнүн бул шарттары мамлекеттик ипотекалык кредиттерге суроо-талаптын жогорулашынан жана алардын жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүнөн улам өлкөнүн рыногунда турак жайдын наркын жогорулатуунун өбөлгөсү болуп калды”, - деп кошумчалады МИКтин төрагасынын орун басары.

Ал белгилегендей, учурда Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Каракол шаарларында аянты 700 миң чарчы метр, баасы 36 млрд сом болгон 11,3 миң батир курула баштады. Курулган турак жай жаңы “Менин үйүм” программасынын катышуучуларына турак жайды каржылоо механизмдери аркылуу берилет.

"Үч жылга жетпеген убакытта “Менин үйүм 2021–2026” турак жай программасын ишке ашыруу жарандардын суроо-талабынын жогорулашын көрсөттү. Мындан улам Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы программаны иштеп чыкты. Учурда Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алуу үчүн 12 миңден ашык жаран кезекте, ал эми 100 миңден ашуун жарандын электрондук өтүнмөсү каттоо процессинде турат", - деди Жеембаев.

Пикир

Оставить комментарий