• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Кыргызстанда 80 миң мугалим ноутбук менен камсыздалат – министрлик

Билим 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында 80 миң мектеп мугалимин ноутбук менен камсыз кылуу пландаштырылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, министрлик ноутбуктарга баалардын мониторингин жүргүзүү үчүн жеткирип берүүчүлөрдөн жана даярдоочу заводдордон техникалык спецификацияларга ылайык, коммерциялык сунуштарды кабыл алат.

Сунуштар 11-октябрга чейин Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дөн кеч берилбеши керек.

Сунуштар электрондук түрдө edu@mail.gov.kg дарегине жөнөтүлүшү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий