• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Кыргызстанда 9 айда жол эрежелерин бузуудан бюджетке 460 млн сом өндүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында 9 ай аралыгында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешмеде жыл башынан тартып өлкө аймагында 812 миң 177 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталганы, мамлекеттик буджетке 460 млн 588 миң 330 сом өндүрүлгөнү айтылды. Анын ичинен:

  • мас абалында унаа башкарган – 10 миң 334 айдоочу;
  • автоээнбаштык жасаган – 394;
  • тийиштүү документтери жок унаа башкарган – 16 миң 755;
  • жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар – 42 миң 611;
  • терезелерин караңгылаткан – 2 миң 680;
  • жол белгилерине баш ийбеген – 391миң 318;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган – 150 миң 630;
  • башка жол эрежелерин бузган – 197 миң 455.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 76 миң 246 унаа айып короо жайына токтотулган.

Кеңешменин соңунда жетекчилик тарабынан орун алган кемчиликтер белгиленип, аларды жоюу, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле өздүк курам арасында тартип жана мыйзамдуулукту сактоо багытында бир катар тапшырмалар коюулду.

Пикир

Оставить комментарий