Бишкек, 06.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев Кыргызстанда алгачкы жолу тогуз азык-түлүктү камтыган кластердик бирикмелер түзүлүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, мурунку жума министрлер кабинети тарабынан “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоору жактырылган. Анын алкагында сүт, эт (бодо мал, канаттуу жана балык), кант, тоок жумурткасы, жашылча, жемиш, картошка, өсүмдүк майы, дан өсүмдүктөрүнүн улуттук кластердик бирикмелери түзүлүп, анын катышуучуларына насыя берүү каралган.
“Долбоордун алкагында 10 млрд сом бөлүнүп, анын ичинен тогуз кластерге 9 млрд сом каралган. Калган бир миллиард сому айыл чарба техникаларын, өнөр жай жабдууларын жана жогорку өнүмдүү жана асыл тукум айыл чарба жаныбарларын лизингге берүү үчүн бөлүнөт. Насыянын 45 пайызы кайра иштетүү тармагына, 55 пайызы фермерлерди колдоого берилет. Ошондой эле насыялар фермердик чарбаларга үч жылдык мөөнөткө алты пайыздык чен менен 500 миң сомго чейин берилет, анын 300 миңи күрөөсүз болот. 500 миңден баштап жогору алгандарда сөзсүз түрдө келишим болушу керек. Ал эми кайра иштетүүчү мекемелерге 150 млн сомго чейин каралса, жылдык жүгүртүүсү 1 млн сомдон ашкан айыл чарба кооперативдери үчүн 5 млн сомго чейин каралган. Фермерлер насыяларын “Айыл Банк” менен “РСК Банктан” ала алышат.”, - дейт ал.
Министрдин орун басары Кыргызстанда 454 миң фермер (чакан) бар экенин айтат.
“Учурда Юстиция министрлигинде 4 миң 30 айыл чарба кооперативи каттоодон өткөн. Ошол эле учурда Нидерландда 32 эле кооператив иштейт. Саны аз болгону менен сапатына көңүл бурулат. Биз кластердик бирикмеге ушул жылы жеке фермерлерди киргизип жатабыз, бирок кийинки жылдан тарта алар бир гана айыл чарба кооперативдери аркылуу кирип, иштейт алышат. Банктарга дагы ыңгайлуу болот эле”, - деди ал.
Мукашев кошумчалагандай, “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорунун максаты — азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү аркылуу жеңилдетилген насыялоо жана лизинг берүү жолу менен агрардык сектордун чарбакер субъекттерин колдоо болуп саналат.
"Сүт" класстердик бирикмесинин жетекчиси Азамат Мааданбековдун пикиринде, акыркы 30 жыл ичинде аймактардагы ар бир үйдө мал-жандык болгонуна карабастан сүт тармагы экономикалык жактан өзүн алдыга жылдыра алган жок.
"Башкача айтканда, өз үй-бүлөсүн багууга гана жетүүдө. Бүгүнкү күндө атайын багыт алдык. Бөлүнүп жаткан каражаттын көп бөлүгүн фермерлерге арнайлы деп жатабыз. Асыл тукум малдарды алып келип, асыл тукум чарбаларын түзүүнү колго алдык. Маселен, Кыргызстанда бир уй бир күндө орточо 4 литр сүт берсе, жылда 1 миң 300 литр берет. Чет өлкөдө ошол эле ыкма менен багылган уйлардан жылына кеминде 6 миң литр сүт алат. Ошол эле жумуш аткарылат, бирок жыйынтыгы эки башка. Мындан улам биринчи этапта асыл тукум чарбаларын түзүп, кайра иштетүүчү өнөр жайлары менен бирге иштейбиз. Үч жылда жыйынтык берет деп күтүп жатабыз”, - деп айтат Мааданбеков.
Пикир
Оставить комментарий