• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда 91 инновациялык мектеп иштейт

Коом 0

Бишкек, 12.04.19 /Кабар/. КРнын президентинин аймактарды өнүктүрүү боюнча Жарлыгын жана КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык саясат Концепциясын ишке ашыруу максатында аймактарда билим берүү кластерлерди түзүү боюнча иштер башталган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкынын жардамы менен Кыргызстанда 91 инновациялык мектеп иштөөдө.

Алардын ичинен ар бир үчүнчү мектеп акыркы үлгүдөгү компьютерлер, көп функционалдуу жабдыктар, сервер, интерактивдүү тактай жана видеоконференция байланыш системасы менен жабдылган.

Бул мектептердин максаты – электрондук билим берүү, мультимедиялык жана электрондук технологияларды жана мугалимдердин билим берүү деңгээлин алыс аралыкта жогорулатуу боюнча ыкмаларды колдонуп көрүү.

Аталган мектептер аймактык билим берүү кластерлери болуп, облустардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий