• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Кыргызстанда 920 социалдык кызматкер 9 миңден ашуун адамды үйүндө тейлейт

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда 920 социалдык кызматкер 9 миңден ашуун адамды үйүндө тейлейт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, жарандардын 4 категориясы - жалгыз бой улгайган адамдар, майыптыгы бар адамдар, улгайган жубайлар, же өзүн карай албаган майыптыгы бар жарандар, балдары бар оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр үйүндө социалдык кызматтарды алууга укуктуу.

Социалдык кызматкер кызмат алуучуга аймактык башкармалыктын жетекчиси бекиткен өзүнүн жеке графиги боюнча жумасына эки жолудан кем эмес барат. Ар бир социалдык кызматкерге 8-12 адам бекитилет.

Учурда 920 социалдык кызматкер 9073 кызмат алуучуну үйүндө социалдык кызмат көрсөтүшөт.

Алардын ичинен 3 670 улгайган адамдар, 2 083 майыптыгы бар жарандар, 186 жубайлар жана 3 133 турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр.

Пикир

Оставить комментарий