• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстанда 93,4 миңден ашуун үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тариф төлөйт

Коом 0

Бишкек, 13.05.23. /Кабар/. Кыргызстанда 93,4 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф менен төлөшөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16 жашка чейинки балдары бар "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр ай сайын керектелген 700 кВт саатка чейин электр энергиясы үчүн тарифи 50 тыйын төлөшөт.

Облустардагы электр энергиясына жеңилдетилген тариф менен төлөгөн үй-бүлөлөр төмөндөгүдөй:

• Бишкек шаары – 562 үй-бүлө;
• Ош шаары – 1057 үй-бүлө;
• Чүй облусу – 2302 үй-бүлө;
• Талас облусу – 5155 үй-бүлө;
• Ысык-Көл облусу – 5134 үй-бүлө;
• Нарын облусу – 5550 үй-бүлө;
• Баткен облусу – 12 656 үй-бүлө;
• Ош облусу – 28 695 үй-бүлө;
• Жалал-Абад облусу – 32254. үй-бүлө.

Эскерте кетсе, 2022-жылдын 1-январынан тарта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ай сайын 700 кВт саатка чейин электр энергия тарифи 50 тыйынга төмөндөгөн.

Пикир

Оставить комментарий