• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. 7-8-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлеринде жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9°, күндүз +13…+18°

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз +13…+18°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн +8…+13°, күндүз +18…+23°, тоо этектеринде түнкүсүн -2 сууктан +3° жылуулукка чейин, күндүз +9…+14°,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз +8…+13°,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +2…+7°, күндүз +12…+17°,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…+5°, күндүз +13…+18°, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6°, күндүз +5…+10°, бийик тоолордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз +3…+8° ка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Пикир

Оставить комментарий