Бишкек, 08.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда ачылган мамлекеттик дарыканалардын саны 100гө жетти. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын “Эл Аман” дарыканалар тармагынын башчысы Рысбек Акынбеков билдирди.
Ал белгилегендей, кезектеги “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы өткөн жылдын 25-декабрында Бишкек шаарындагы №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунда ачылды.
“Биздин негизги максат өлкөнүн ар бир аймагында жашаган жергиликтүү тургундарга дары-дармектерди жеткиликтүү баада камсыз кылуу болду. Коюлган максатты толугу менен аткардык деп айта алам. Кыргызстандын ар бир аймагында “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Тактап айтсам, Бишкек шаарында – 21, Чүй облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 7, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 4, Ош шаарында – 11, Ош облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда – 8 дарыкана ачылды” , -деди ал.
Маалымат үчүн: "Эл Аман" мамлекеттик дарыканалар тармагы 30 чет элдик жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жеткирүүчүлөр менен кызматташат.
Дарыкана пункттарындагы ассортимент дарыкана пункттары жайгашкан саламаттык сактоо уюмунун өзгөчөлүгүнө, сатуунун деңгээлине жана саламаттык сактоо уюмдарына жараша 2500дөн ашык фармацевтикалык продукцияны түзөт. “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында чекене баалар өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда орто эсеп менен 10-20% төмөн.
Ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдетилген рецепттери менен дары-дармектер "Эл Аман" дарыканалары аркылуу рецептке жана бейтаптын оорусуна жараша 50%дан 100%га чейин арзандатуу менен элге сатылат.
Пикир
Оставить комментарий