• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары 20,5 пайызга азайды

Коом 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылдын 12 айында 7 миң 40 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, катталган кырсыктардын кесепетинен 690 жаран каза болсо, 11 миң 49 киши ар кандай жаракаттарды алган.

"Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу жол кырсыктары 5,3%га, көз жумгандар 20,5%га жана жараат алгандар 2,8 пайызга кыскаргандыгын көрсөтүп турат", - деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы катталган жол кырсыктарын талдоо менен, мындан ары да жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий