• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстанда “Адамдарды сатууга каршы 100 күн” маалыматтык кампаниясы башталат

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Кыргызстанда “Адамдарды сатууга каршы 100 күн” маалыматтык компаниясы башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Анын айтымында, жөнгө салынбаган миграциянын жана адамдарды сатууга каршы күрөшүүнүн маселелери Кыргызстандын актуалдуу көйгөйү болуп саналат.

Компания өкмөттүн мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун адамдарды сатууга каршы күрөшүүсүнүн аракеттерин бириктирген 2017-2020-жылдарга карата адамдарды сатууга каршы күрөшүү программасын ишке ашыруунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.

“Адам сатууга каршы 100 күн” – Кыргызстандагы жөнгө салынбаган миграция жана адамдарды сатуу көйгөйү боюнча элдин маалымат алышын жогорулатуу боюнча улуттук демилге. Аталган иш-чара 2018-жылдын 10-сентябрынан - 10-декабрга чейин «Жаштар колдойт» деп аталган ураандын алдында өтөт.

Кампания калкты адам сатуунун жана жөнгө салынбаган миграция тобокелдиги, андан улам жаралып жаткан эмгек жана сексуалдык эксплуатация, эрте никеге туруу жана ала качуунун кесепеттери туурасында маалымдоого багытталган. Андан сырткары балдарды ишке салуунун эң жаман түрлөрү, кыздар менен аялдарга жасалган зомбулук туурасында да эскертип, кабарламакчы.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов төмөнкүлөргө токтолду.

“Жаштар – Кыргызстандын келечеги. Кыргызстандагы жаштардын уюмдары жана активисттер адам сатуу жана миграция боюнча окутуулардан өтүп, алган маалыматтарын республиканын жарандарына жеткирүү ниетинде. Бул демилгеде жаштарды колдоо керек деген ойдомун”, - деди ал.

“Жөнгө салынбаган миграция менен адам сатууга каршы аракет Кыргызстандын жашоочуларынын маанилүү делген маселеси, биз Кыргыз Республикасынын активдүү жаштарынын мындай демилгеге катышуусуна кубанычтабыз”, - деди Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов.

Кампания адам сатууга каршы күрөшүү боюнча 2017-2020-жылдарга эсептелген өкмөттүн программасынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Ал адам сатуу сыяктуу зыяндуу көрүнүшкө каршы күрөшүүдө мамлекеттик органдарды, жарандык коомдордун аракетин бириктирип турат.

Пикир

Оставить комментарий