• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда административдик-аймактык реформа максатына жетти – Кудайберген Базарбаев

Коом 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда административдик-аймактык реформа максатына жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 13 аймак реформадан кийин 5 аймакка чейин кыскарды. Ал эми Нарын облусундагы 63 айыл аймак 27ге чейин азайды. Пилоттук негиздеги иштер оң натыйжасын берген соң, административдик-аймактык реформа өлкө боюнча жүргүзүлдү.

"Административдик-аймактык реформага чейин 7 облуста 452 айыл аймак бар болчу. Реформадан кийин 235 айыл аймак калып, 217си кыскарды. Буга чейин муниципалдык кызматчылардын саны 8696 болсо, реформадан соң 4768и түздү. Ошентип, муниципалдык кызматчылардын саны 45,1%га азайып же 3928и кыскарды. Муну менен мамлекет 1 млрд сомдой каражатты үнөмдөп калды десек болот", - деди ал.

Ошондой эле Кудайберген Базарбаев кыскартылган муниципалдык кызматкерлердин баарына башка кызмат орундары сунушталгандыгын, бөлөк жумуштарды таап кеткендерге акчалай компенсациялар төлөнүп берилгенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий