Кыргызстанда аялдар кайсы тармакта көп? – Улуттук статкомдун фактылары

Коом 0

Бишкек, 07.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Эл аралык аялдар майрамынын алдында Улуттук статистика комитети куттуктоо менен бирге кыргызстандык аялдар тууралуу кызыктуу фактыларды даярдашкан.

Ведомствонун маалыматы боюнча, 2017-жылдын башына карата республикада аялдардын саны 3 млн 97,7 миң адамды түзүп, узак мезгилден бери республика калкынын жалпы санынын 50,5% пайызы катары өзгөрүүсүз турат.

“Мурдагыдай эле, республиканын аялдарынын үчтөң экиси – айылдык жашоочулар; эгерде ар бир бешинчи аял Жалал-Абад же Ош облустарында жашаса, анда ар бир алтынчы аял Бишкек шаарында жашайт”, - деп билдиришти комитеттен.

Кыргызстандын шаар жерлеринде 1 млн 89,1 миңге жакын аял жашайт же өлкө калкынын жалпы санынын 35,2%. Айыл жергесинде 2 млн 8,6 миң аял же жалпы сандын 64,8% жашайт.

“Эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын жумуш менен камсыз болушу – 50%. Иштеген аялдардын орточо ажш курагы 38 жаш. Өлкө экономикасында иштеген ар бир алтынчы аял 25-29 жашта”, - деп белгилешти ведомстводон.

Аялдарга таандык адистиктер катары “саламаттык сактоо жана калкты социалдык тейлөө”, “билим берүү”, “кыймылсыз эмес мүлктөр менен операциялар”, “мейманкана жана ресторан” тармагындагы ишмердиктер саналат.

“Аялдар 18-25 жаш курагында үй-бүлө курууну каалашат. 2016-жылы 47,8 миң аял никеге турган. Ошол эле учурда 45,3 миң аял алгачкы ирет үй-бүлө курушкан. Никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жашта, ар бир бешинчи – 18-19 жашта болгон”,- деп билдиришти Улуттук статкомдон.

Ошол эле учурда 2016-жылы биринчи жолу турмушка чыккандардын орточо жаш курагы 23,7 жашты, кайрадан үй-бүлө кургандардыкы 36,8 жашты түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий