• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда айдоочулар эми күйүүчү майдын ар бир литрине кошумча 1 сомдон төлөшү мүмкүн

Экономика 0

Бишкек, 03.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан тарта айдоочулар күйүүчү майдын ар бир литрине кошумча 1 сомдон төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин астындагы Жол фондунун анализ жана пландоо бөлүмүнүн башчысы Сардарбек Жороев радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоору жол инфраструктурасынын абалын жакшыртуу жана мамлекеттин кирешесин көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

"1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн автоунаа ээлери май куйганда ар бир литрине 1 сомдон кошуп төлөшү мүмкүн. Парламент Жол фонду тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Документке ылайык, айдоочулар ар бир литр бензин, дизелдин баасына 1 сомдон кошуп төлөйт. Чогулган каражат Жол фондуна түшүп, анын эсебинен республикадагы жолдор оңдолуп, реконструкцияланат",-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий