• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда айыл башчылар келишимдик негизинде жумушка алынууда

Коом 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда айыл башчылар келишимдик негизинде жумушка алынууда. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү административдик-аймактык реформадан кийин айыл башчылардын штаттык бирдиги киргизилген жок. Буга байланыштуу 1014 адам кошумча келишимдик негизде айыл башчы кызмат ордуна дайындалды.

“Мурда алардын айлык акысы 19 миң сомду түзчү. Азыр сый акыларды кошуп эсептегенде маяналары 28 миң 900 сомго чейин жетип жатат. Аларга баштагыдай эле мамлекеттик кызматкерлерге берилчү жеңилдиктер каралган. Иш убагында эмгек өргүүсүнө чыгууга да укуктуу. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 1-июлга карата 2009 айыл бар”, - деди ал.

Ошондой эле Кудайберген Базарбаев айыл өкмөттөрдөгү штаттар да кыскартылганын белгиледи.

“Мурда штаттар 40тай болсо, азыр айыл өкмөттөгү элдин санына жараша 13-19га чейин кыскарды. Жаңы дайындалган кызматкерлер кайра окутуудан өтүштү”, - деп кошумчалады Базарбаев.

Пикир

Оставить комментарий