• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда айыл чарба ишканалары алгачкы жолу ири киреше менен чыгууда

Экономика 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик айыл чарба ишканалары алгачкы жолу ири киреше менен чыгууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин министрликке караштуу жалпысынан 29 мамлекеттик ишкана болгон. Бирок, 2023-жылдын соңунда алардын ишинин натыйжалуулугун артыруу максатында бириктирүү чечими кабыл алынган. Себеби, мамлекеттик ишканалар буга чейин кирешелүү болбой, чыгымга иштеп келген. Бириктирүүнүн натыйжасында быйыл алгачкы жолу ишмердүүлүгүн 29 млн 480 миң сомдук киреше менен жыйынтыктаганы турат.

  • Балык чарба көлмөлөрүн (урук чачуучу, өстүрүүчү, кыштоочу жана башка) натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу максатында "Кыргыз балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн, 2024-жылы балык чабактарын жана товардык балыктарды өстүрүү боюнча өндүрүштүк ишмердиктен 842,4 миң сом өлчөмүндө кирешени күтөт, бул 2023-жылга салыштырмалуу 40%га көп.
  • "Кыргыз сорт сыноо станциясы" мамлекеттик ишканасы фермерлерге ата мекендик жана чет элдик селекциянын акыркы жетишкендиктери менен таанышууга шарт түзүп, айыл чарбасында негизги ролду ойнойт. 2024-жылы ишкананын сорт сыноо тилкелеринде 1264 сорт сыноолор өткөрүлүүдө. кылкандуу дан эгиндери боюнча 553 сыноолор;
  • 2024-жылы, ишкана кирешесин 4 млн сомго чейин көбөйтүүнү пландап жатат, бул өткөн жылдагы кирешеден 190%га көп.
  • 2024-жылдын жыйынтыгы менен "Кыргызмамасылтукумзаводу" мамлекеттик ишканасы 24 млн 644 миң сом киреше менен жыйынтыктаганы турат. Былтыр, 2023-жылы МИлар 2023-жылдын жыйынтыгы менен эч кандай киреше көрсөткөн эмес.

Ошентип, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бириктирилген мамлекеттик ишканалары кирешеге чыгып, ведомстводогу реформалык саясат оң жемишин берип жатат.

Пикир

Оставить комментарий