• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Кыргызстанда айыл чарба тармагында авиация кызматын колдонуу ишке аша баштады

Коом 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Ысык-Ата районунда жер семирткичтерди чачуу, өсүмдүктөрдү зыянкечерден дарылоо үчүн агродрондор учуучу жеңил авиацияны колдоно башташты.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, айыл чарба жерлерин иштетүүдө жер семирткичтерди чачуу, өсүмдүктөрдү зыянкечерден дарылоодо авиация менен күнүнө 500 гектар жерге чейин иштетүүгө мүмкүн. Бир гектарды иштетүүнүн баасы жердин рельефине жараша орточо 500 сомду түзөт.

Ошону менен бирге эле агрардык тармакты жаңы заманбап техника менен камсыздоо иштеринин жүрүшүндө аталган районда жаңы МТСтин ачылышы болду. Жаңы ачылган МТС – 2 Zoomlion RG 2004 трактору, 1 RS 1604, 1 RN 1104 жана 1 RN 904 фронталдык жүктөгүч сыяктуу бир катар заманбап жаңы техникалардан турат.

Иш-чаранын жүрүшүндө айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев мындай жаңылануу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде фермерлерди колдоого жана аймактын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталганын белгилеген.

"Өзгөчө жер иштетүү кызматтарын көрсөтө турган дрондор, учуучу жеңил авиация айыл чарбасын жаңы деңгээлге көтөрөт. Дрондорду, авиациянын айыл чарбада колдонуунун артыкчылыгы, дыйкандардын түйшүгүн жеңилдетип, чыгымын, убактысын үнөмдөйт. Бул жагдай дыйкандарга жер иштетүү процесстерин оптималдаштырууга жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга эффективдүү натыйжа берет", - деди ал.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык коюлган тапшырмалардын негизинде министрлер кабинети жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн МТСтердин паркын толуктоо, жаңылоо жана заманбап айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча бир катар иштерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий