Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. 2022-жылы Кыргызстанда 3 млрд сомго 983 техника лизингге берилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен облустар боюнча алып караганда:
- Чүй облусуна 1 114,4 млн сомго 282 техника;
- Ысык-Көл облусуна 613,9 млн сомго 232 техника;
- Ош облусуна 504,5 млн сомго 159 техника;
- Жалал-Абад облусуна 400,7 млн сомго 157 техника;
- Талас облусуна 137,1 млн сомго 62 техника;
- Нарын облусуна 161,1 млн сомго 64 техника;
- Баткен облусуна 73,6 млн сомго 25 техника берилген.
Пикир
Оставить комментарий