• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанда айыл чарбасын пестициддер менен камсыздоо 76%ды түздү

Коом 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. 2024-жылы республиканын айыл чарбасынын пестициддерге болгон жалпы керектөө эсеби - 615,4 тоннаны түзгөн.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 10-июлга карата 467,15 тонна пестициддер ташылып келинди. Башкача айтканда, айыл чарбасын пестициддер менен камсыздоо 76%ды түздү.

Жалпы пестициддердин ичинен үрөн ууландыргычтарга (жаздык жана күздүк кылкандуу дан эгиндерине) керектөө – 56,9 тонна болсо, 2024-жылдын 10-июлуна карата – 43,3 тонна ташылып келинди, же камсыздоо – 76,2,0 %, гербициддерге болгон керектөө – 323,4 тонна болсо, камсыздоо – 232,9 тоннаны түздү же 72,0 %, инсектициддерге болгон керектөө – 172,9 тонна болсо, камсыздоо – 139,7 тоннаны түздү, же 80,8 %, ошондой эле фунгициддерге болгон керектөө – 62,2 тонна болсо, камсыздоо – 51,22 тоннаны, же 82,3 % түздү.

Белгилей кетсек, жыл сайын республиканын айыл чарбасын пестициддер менен камсыз кылуу 120%га чейин түзөт. Башкача айтканда, айыл чарбасын пестициддер менен камсыздоодо көйгөйлөр жок.

Республика аймагына ташып келүүчү ири компаниялар (расмий дистрибьюторлор) төмөнкүлөр:

  • «АгроСтайл» ЖЧКсы (Абдипаизов У. тел.: 0779 939-360);
  • «Догал Агрохимикаты и Пестициды» ЖЧКсы (Сарлыков И. тел.: 0507 675-970);
  • «АгроПак» ЖЧКсы (Пак В. А. тел.: 0555 229-846);
  • «Агрохимия» ЖЧКсы (Абдивалиев А. К. тел.: 0706 009-955);
  • «Алби Агро» ЖЧКсы (Кирьянов А. В. тел.: 0312 65-98-65);
  • «Агриматко» ЖАКФы (Абдыра тегин М. тел.: 0312 48-34-29);
  • «Алем Агро КейДжи» ЖЧКсы (Эшимов Н. тел.: 0555 987-278), «ХимПромПлюс» ЖЧКсы (Абдырахманова В. тел.: 0709 898-888), «Пестициды» ЖЧКсы (Анарбаева А. Б. тел.: 0312 68-17-98);
  • «АгроВет Трейд» ЖЧКсы (Юлдашев Н. Х. тел.: 0500 052-222);
  • «Кыргыз Агро Кемикалз» ЖЧКсы (Тотобаев М. тел.: 0556 171-181).

2024-жылы өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарынын баалары дыйкандар үчүн жеткиликтүү жана алардын орточо баалары төмөндөгүчө:

  • үрөн ууландыргычтар - 650-850 сом/л;
  • гербициддер - 600-3000 сом/л,кг;
  • инсектициддер - 600-2500 сом/л,кг;
  • фунгициддер - 650-2800 сом/л,кг болду.

Пикир

Оставить комментарий