Кыргызстанда ак ниет ишкерлердин реестри түзүлөт. Артыкчылыктары

Экономика 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандын ак ниет ишкерлеринин реестрин түзөт. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР президентинин "Кыргыз Республикасынын Ишкерлеринин макамын жана беделин жогорулатуу жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында өлкөнүн министрлер кабинети тарабынан Кыргызстандын ак ниет ишкерлеринин реестри түзүлөт.

Экономика жана коммерция министрлиги реестрди жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталды. Ал эми реестрге киргизүү үчүн ишкердик субъекттерди тандоо министрлик түзгөн ведомстволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу Экономика министрлиги Кыргызстандын ишкердик субъекттерин реестрге катталууга активдүү катышууга чакырат.

Белгиленгендей, реестрге кирген ишкер төмөнкү артыкчылыктарга ээ болот:

- Кыргызстандын мамлекеттик телеканалдарынан медиа жарнама үчүн акысыз эфирдик убакыт алат;
- салык жана бажы кызматтарын кезексиз алуу;
- Кыргызстандагы эл аралык көргөзмө, жарманке, форумдарга акысыз катышат;
- КР салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, КР ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизилген учурдан тартып мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан үч жылга текшерүүдөн бошотулат;
- мамлекеттик кредиттөө программаларын ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген каржылоону алат.

Пикир

Оставить комментарий