• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда акча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди

Экономика 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди, - деп айтылат Улуттук банктын расмий сайтында.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагындагы төлөм системалары штаттык режимде иштеп жатат. Ошол эле учурда, КРнын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу максатында, Улуттук банк КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргызстанда акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Өзгөртүүлөр убактылуу мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык акча которуу системасы боюнча которулган акчанын валютасына карата талаптарды белгилейт. Акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында алса болот. Которулган акчаны башка валютага конвертациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Которулган акчаны алып /жөнөтүп жаткан учурда ал Кыргыз Республикасынын аймагында турган алуучунун/жөнөтүүчүнүн макулдугу менен нак эмес ыкма менен конвертацияланышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий