• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда акылдуу эсептегичтерди чыгарган цех ачылат — Байгазиев

Коом 0

Бишкек, 03.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда акылдуу эсептегичтерди чыгарган цех ачылат. Бул тууралуу Биринчи радионун эфиринде “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, “Улуттук энергетикалык холдинг” менен өзбекстандык Toshelectroapparat компаниясы ортосунда меморандумга кол коюлган. Алар Кыргызстанда атайын цех ачып, акылдуу эсептегичти чыгарууга милдеттенме алган.

“Кыргызстанда 1 млн 230 миң акылдуу эсептегичти жакын арада орнотуп чыгыш керек. Өзбекстадык компания жардам беребиз деп жатат. Учурда Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунан каржылоо боюнча сүйлөшүү иштери жүрүүдө. Ошондой эле кытай тарап да завод курууга кызыкдар болууда. Регламентке жана биз тараптан койгон баага жооп берген компания менен иштешебиз”, - дейт Байгазиев.

Пикир

Оставить комментарий