• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кыргызстанда акыркы 15 жылда кургак учук боюнча эпидемиологиялык абал жакшырды- дарыгер

Ден соолук 0

Бишкек, 25.12.24. /Акназик Тургунбаева– Кабар/. Кыргызстанда акыркы 15 жылда кургак учук боюнча эпидемиологиялык абал жакшырды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдулаат Кадыров билдирди.

Анын айтымында, 2001-жылдын көрсөткүчү менен 2021-жылдын көрсөткүчүн салыштырганда кургак учуктун көрсөткүчү үч эсеге азайып, ал эми өлүм он эсеге азайган.

“Союз тарагандан кийинки, Кыргызстандагы кургак учуктун биринчи эң жогорку көрсөткүчү 2001-жылы болгон. Ошол жылы кургак учукка чалдыккандардын саны 100 миң кишинин санына карата 168 кишини түзгөн. Ушул эле жылы каза болгондордун саны дагы эң жогорку көрсөткүчтү түзүп, 100 миң калктын санына карата 27 кишини түзгөн. 1996-жылдан баштап кургак учукка каршы 5 долбоорду ишке ашырдык. Ал эми 2023-жылдан баштап алтынчы долбоорубуз ишке кирди. Ушул долбоорлордун алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын аркасында 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 100 миң калктын санына жараша кургак учукка чалынгандардын саны 58 эле кишини түздү”,-деди ал.

Мындан сырткары ал кургак учукту алдын алууда өкмөт тарабынан жогорку деңгээлде колдоо көрсөтүлүп жаткандыгын белгиледи.

“Кургак учукту алдын алуу боюнча иш-аракеттерге жумшалган каражаттын 79 пайызы мамлекеттик бюджеттен сарпталат. Ал эми 21 пайызы демөөрчүлөрдөн алынат. Ошондой эле мамлекет түзүп берген шарртардын аркасында кургак учуктун кайсы түрү болбосун, жарандарыбыз акысыз даарыланып жатышат. Мындан сырткары аларга акысыз дары-дармектер берилип келет. Дүйнө жүзүндө кандай күчтүү лабораториялар бар болгон болсо, бүгүнкү күндө бизде дагы ушундай лабораториялар бар. Мына ушундай жүргүзүлгөн иш-чаралардын аркасында биз акыркы 10-15 жылда кургак учуктун стабилдүү түрдө төмөндөгөнүн байкап жатабыз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий