• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Кыргызстанда акыркы айда дары-дармектердин баасы 5-20 пайызга чейин кымбаттады

Ден соолук 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы айда дары-дармектердин баасы 5-20 пайызга чейин кымбаттады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директорунун орун басары Канат Бекбоев билдирди.

Анын айтымында, учурда Россия дары-дармектин баасын карап жатат, ошондой эле дарыны өндүрүүчүлөр дагы бааны көтөрүштү.

“Украинада жана дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу логистикалык чыгымдар өсүүдө. Дары-дармектердин кымбатташы 40% болот деген божомолдор бар. Бирок курс өзгөрүп тургандыктан так айтуу кыйын”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий