• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы аптада коронавирустун 4 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы аптада коронавирус инфекциясынын 4 учуру катталды.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, бардык учурлар Бишкек шаарында аныкталган.

Адистер республикадагы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекция жана COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий