Кыргызстанда акыркы суткада 1 миң 155 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 155 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 411 адам вакцинанын биринчи дозасын, 744 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 186 миң 334 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 973 миң 312 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий