• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда акыркы суткада 20 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Чүй облусунда 8, Нарын облусунда 2, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1 кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Бишкек шаарындагы Шоокум көчөсүндө жолдун боюнда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил унаанын щит прибору күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй районунун Прогресс айылында Прогресс атындагы мектептин көмүр-канасында көмүр түтөгөн. Себеби такталууда.

Жети-Өгүз районунда Ак-Дөбө айылында короодо 500 түк жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий