• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Статистика: Акыркы суткада 20 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 23.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 23-февралга карата коронавирус 20 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 150 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 207 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 133 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 388 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 527 киши айыгып чыкса, 2 миң 948 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий